SerepTV Logo

Бишкекте курал-жарактардан ок чыгарган видеолорун жарыялап турган пранкер кармалды

Бишкекте курал-жарактардан ок чыгарган видеолорун жарыялап турган пранкер кармалды
Бишкек шаарында жанына ок атуучу курал алып жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 1993-жылы туулган жаран жөнүндө социалдык тармактар аркылуу белгилүү болгон. Ал жакта шектүү «Калашников» автоматы жана тапанчадан ок чыгарган видеолорун жарыялап турган. Кээде жүзүн жаап, жасалма карактоолорду уюштуруп келген. Аталган факты Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталган. Бишкек ШИИББдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Сухэ-Батор көчөсүнөн «01KG ТILEK» номуру тагылган «Инфинити» унаасын токтотушкан. Бул унаа шектүүгө таандык болчу. Унааны кароо учурунда милиционерлер 10 мм калибрдеги «Макаров» үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча жана 37 ок табышкан. Тапанчага 3 жылга уруксат кагазы берилген. Ошондой эле анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, уктоочу бөлмөсүнөн «Калашников» автоматы жана 120 газ-сигналдык ок табылган. Ал «Калашников» автоматы чыныгы октор менен пайдаланууга жарабай турганын (охолощен) жана аны Орусиядан алганын билдирген. Ошондой эле блогер экенин, курал-жарактар менен пранк тартып, аларды социалдык тармактарга жарыялай турганын кошумчалаган. «Алынган курал-жарак жана ок-дарыларга экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгында шектүүгө юридикалык баа берилет», - деп айтылат Бишкек ШИИББдин маалыматында. Учурда тергөө уланууда. Пранкер суракка келип турууга милдеттендирилип, камактан бошотулду. https://youtu.be/2a9Dv7-Ckqc
edita