Бишкекте таңга маал катталган жол кырсыктан 2 жаран куткарылды (сүрөт)
Бүгүн, 30-ноябрь күнү саат 04:30 чамасында Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши - 1996-жылы туулган Э.Э. уулу жана О.Д. аттуу (туулган жылы такталууда) жабыркаган.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан гидравликалык-авариялык куткаруу шайманынын жардамы менен чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="216497,216498"]