SerepTV Logo

Бишкекте таң эрте көчөгө ымыркай кызды таштап кетишкен

Бишкекте таң эрте көчөгө ымыркай кызды таштап кетишкен
Бүгүн, 19-мартта саат 7:35 чамасында Бишкектин Салиев көчөсүнөн жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул тууралуу Сереп Медиага Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ымыркайда Салиев көчөсүндөгү №217 үйдүн жанына ак кездемеге ороп, көк жащикке салып таштап кетишкен. Көчөдөн өтүп бараткан аял баланы байкап калып, милиция чакырган. Жерине келген Свердлов райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу тез жардам кызматын чакырган.  Алар баланы "Бөбөктөр үйүнө" алып кетишкен. Дарыгерлер баланын абалын канааттандырарлык деп баалашууда. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кыздын энеси изделүүдө.
Unknown Author