Бишкекте таң эрте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштоого аракет кылды (видео)
Бишкекте таң эрте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 15-июнда саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталган жерге 5 куткаруучу тартылып, 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандары менен түшүп, 18 жаштагы кызды куткарышкан. Кыз ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.