SerepTV Logo

Бишкекте таанышын бычактоого шектүү жигит кармалды

Бишкекте таанышын бычактоого шектүү жигит кармалды
Милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 3-сентябрь күнү Ленин РИИБге жаран баласынын таанышына карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 05:30 чамасында Жумушчулар шаарчасынан белгисиз курч нерсе менен баласынын денесине оор залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 2001-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.