SerepTV Logo

Бишкекте сойкулук менен алектенген 80ден ашык кыз-келин милицияга жеткирилди

Бишкекте сойкулук менен алектенген 80ден ашык кыз-келин милицияга жеткирилди
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарды жана өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү. Ошону менен бирге иш-чара учурунда Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 80ден ашык кыздар аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен адеп-ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы тууралуу түшүндүрүүлөр болду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)

edita