Бишкекте сойкулук менен алектенген 171 кыз милицияга жеткирилди
Борбордук милиция кызматкерлери "Притон" аталышындагы алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди. Жыйынтыгында, райондук ички иштер башкармалыктарына интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 171ге жакын кыз жеткирилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине ылайык "Сойкулук менен алектенүү" боюнча 10 административдик протокол түзүлгөн.