SerepTV Logo

Бишкекте сойкулук менен алектенген 150гө жакын кыз милицияга жеткирилди

Бишкекте сойкулук менен алектенген 150гө жакын кыз милицияга жеткирилди
Бишкекте "Притон" аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди. Жыйынтыгында, райондук ички иштер башкармалыктарына интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 150гө жакын кыз жеткирилди. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан тышкары, рейд учурунда 166 ар кандай кылмыш бети ачылган, дайынсыз жоголгон 9 адам табылып, "Сойкулук менен алектенүү" боюнча 10 административдик протокол түзүлгөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275545,275546"]
edita