SerepTV Logo

Бишкекте согушка каршы митингге чыккан жарандык активист кармалып, айып пулга жыгылды

Бишкекте согушка каршы митингге чыккан жарандык активист кармалып, айып пулга жыгылды
Кечээ, 5-марта Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында согушка каршы митингге чыккан жарандык активист Мирлан Атакозу-теги кармалды. Биринчи Май райондук милициясынан анын митингге катышканы үчүн эмес, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегендиги жана майда бейбаштык үчүн кармалганын билдиришти. Бүгүн, 6-мартта жарандык активисттин бөгөт чарасы сотто каралып, Мирлан Асакеевге (Мирлан Атакозу-теги) 3 миң сом айып пул салынганы маалым болду. Сот аны “майда бейбаштык” боюнча актап, "ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" менен күнөөлүү деп табуу менен айып пул салды.