Бишкекте "Шоронун" сатуучусун унаа сүзүп кетти
Бишкекте жеңил унаа "Шоро" суусундугун саткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-май күнү Садырбаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота-Алтеза үлгүсүндөгү унаа сатуучуну сүзүп кеткен. Унааны 25 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал рулга ээ боло албай калган. Андан тышкары, айдоочу токтоп турган Фольксваген Гольф-3 унаасын сүзгөн. Жабырлануучу аял шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылды.