Бишкекте "Шашлычник" кафесинен чоң өрт чыкты (видео)
Бишкекте "Шашлычник" кафесинен чоң өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Октябрь районунундагы 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:44тө 1 бөлүм, саат 18:56да кошумча дагы 1 бөлүм тартылган. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат.
[video width="352" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/189038630_498729041460032_1863658664434690204_n.mp4"][/video]