SerepTV Logo

Бишкекте "сериялык уурулукка" шектелген жаран кармалды

Бишкекте "сериялык уурулукка" шектелген жаран кармалды
Бишкекте бир катар уурулук иштерине шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. "6-июль күнү нөөмөт бөлүмүнө жаран кайрылып, 6-кичи районунда 70 миң сомдук велосипедин белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан. Аталган факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1989-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аталган шектүү кошумча 5 уурулукка катыштыгы болушу мүмкүндүгү аныкталган", - деп жазылат маалыматта.