Бишкекте самокат тээп бара жаткан баланы унаа сүзүп кеткен видео тарады
10-март күнү Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө айдоочу самокат тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.
Окуя саат 14:30дар чамасында Медеров көчөсү менен кесилишкен жерде болгон.
«Самокатчан бала жол чырак жашыл күйгөндө өтүп бара жаткан. Унаа сүзгөндөн кийин башы бордюрга тийди. Азыр бала ооруканада жатат», - деп жазат жергиликтүү ЖМК.
Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.
https://static.bulbul.kg/mp4/7/103447.43aa91bdd6021727811268ef6f3eb46b.240.mp4