SerepTV Logo

Бишкекте сабалган жаран ооруканада көз жумду

Бишкекте сабалган жаран ооруканада көз жумду
Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти. 26-август күнү саат 23:57 чамасында Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен медициналык мекемеге 1957-жылы туулган жаран ооруканага жаткырылган. Анын сабалганы аныкталып, көкүрөк тарабынан жаракат алган. Бул факты боюнча райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, денесине келтирилген оор жаракаттардан улам ал каза болгонун аныкташкан. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалды.