Бишкекте пара талап кылууга шектелип 2 милиция кызматкери кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү жана тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
11-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, Искен жана Каниет аттуу милиция кызматкерлери 2022-жылдын март айынан тартып, арыз ээсинин телефонунан жүктөлгөн видеожазууларды таратпоо үчүн он беш миң сом акча талап кылып жатышканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
3-июнь күнү саат 20:20 чамасында тергөө-ыкчам иш-чараларынын негизинде Свердлов РИИБдин имаратынын жанында талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Жеке тинтүү учурунда кармалгандардан буюм далилдери табылып алынган. Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="115344,115345,115346,115347"]