SerepTV Logo

Бишкекте пакистандык жаран поезддин алдында калып, көз жумду

Бишкекте пакистандык жаран поезддин алдында калып, көз жумду
Кечээ, 12-декабрда саат 15:50 чамасында чет элдик жаранды поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине "Кыргыз темир жолунан" билдиришти. Маалыматка караганда, окуя Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаранга кайра-кайра коңгуроо кагылган, бирок ал уккан эмес. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар анын пакистандык экенин жазышууда.