SerepTV Logo

Бишкекте өзүнүн мойнуна бычак сайган жаран дарыгерлерди киргизбей койгон

Бишкекте өзүнүн мойнуна бычак сайган жаран дарыгерлерди киргизбей койгон
19-сентябрь күнү саат 5:40 чамасында милицияга Munchen Pub түнкү клубунда мойнунан жаракат алган киши Тез жардам аркылуу барган дарыгерлерди киргизбей жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо эле Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда, маалымат тастыкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1988-жылы туулган жаранды медициналык Тез жардам кызматы ооруканалардын бирине алып кеткени белгилүү болгон, суракта жана видеотасмаларды кароо учурунда түнкү клубдун кире беришинде агрессивдүү аракеттерди кылып жаткан жигит байкалган. Андан кийин белгисиз нерсе менен өзүн-өзү мойнуна сайып жиберген. Тергөө-ыкчам тобуна пабдын кызматкерлери тарабынан аталган жаранга таандык жеке буюмдар: Кара барсетка, 2 уюлдук телефон, ошондой эле 6 даана ок-дары жана бергисиз маркадагы тапанча өткөрүп берилген. Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат, жогорудагы жаранга карата ооруканадан чыккандан кийин мыйзам чегинде чара көрүлөт.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от uvd_pervomaisky312 (@uvd_pervomaisky)