SerepTV Logo

Бишкекте «өзгөчө» жасалма номурлуу унаанын айдоочусу кармалды

Бишкекте «өзгөчө» жасалма номурлуу унаанын айдоочусу кармалды
Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда кечээ, 11-мартта саат 15:50 чамасында кызматкерлер Чүй менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Хонда ЦР-В үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун токтотушкан. Токтотулган унаанын документтерин текшерүү учурунда 1983-жылы туулган жаран автоунаасына жасалма номур тагып жүргөнү аныкталган. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочу чара көрүү үчүн Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
edita