SerepTV Logo

Бишкекте өз кызын уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте өз кызын уурдоого шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарында кичинекей кызды уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 8-апрелде болжол менен саат 13:36 чамасында 102 кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. "Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 33 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Анда жарандык никедеги жолдошу арыз ээсинин 2018-жылы туулган кызын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин жазган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалып, Октябрь райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="35628,35629"]
Unknown Author