Бишкекте өспүрүмдүн телефонун алып, из жашырган шектүү камакка алынды
Милиция бир нече алдамчылык иштерине шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
19-апрелде милицияга шаар тургуну кайрылып, саат 22:00 чамасында Элебаев көчөсүндө жашы жете элек уулунун ишенимине кирип, "чалып алайын" деп, Айфон 11 үлгүсүндөгү телефонун алып, из жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сотто анын бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылган. Шектүүнүн дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар делип жатат.