Бишкекте өспүрүм баланы уурдоого шектелип 3 жаран кармалды
Кечээ, 3-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн бала уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүлөр көп узабай кармалган.
Айтылган дарекке барган кайгуулчулар 2004-жылы туулган жаран 20-25 жаштар чамасындагы эркек адамдар тарабынан уурдалганын, аны күч колдонуу менен унаага салып кетишкенин угушкан. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 1991-жылы туулган, 1997-жылы туулган жана 1992-жылы туулган жарандар шектүү катары кармалды.
Бул факты Свердлов РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.