Бишкекте "Ош базарындагы" дүкөн өрттөндү (сүрөт)
Бишкектеги дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү Ленин районунун Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүмү, ыкчам бөлүмү жана 5 куткаруучу тартылган. Өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр соода дүкөнү, ичиндеги азык-түлүк жана кийим-кечелери күйгөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда. Өрт саат 22:26да чектөөгө алынып, толугу менен 00:02де өчүрүлдү.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="82950,82951"]