Бишкекте өрт өчүрүүчү унаа менен Мицубиси сүзүшүп, 3 адам жабыркады
Өрт өчүрүү үчүн бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кечээ, 24-апрелде саат 21:30 чамасында өрт өчүрүүчү унаа өрт өчүрүү максатында Архитектурская көчөсү менен батыш багытка бара жатып, Профессор Зимы көчөсүнүн кесилишинен Мицубиси Ламсер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында 3 жаран жабыркап, Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.