Бишкекте өрт чыккан үйдө ууланган жаран ооруканага жеткирилди
Бишкектин 7-кичи районундагы үйдүн 1-кабатында электр калканы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"1989-жылы туулган жаран түтүнгө ууланып, "103" кызматы алып кеткен. Азыркы учурда абалы туруктуу. Өрт электр зымдарынан келип чыккан", - дешти.