Бишкекте ооруканага түшкөн жаран каза болду. Шектүү кармалды
Бишкекте адамдын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
17-декабрда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 1952-жылы туулган жарандын денесинде жаракаттары менен ооруканага түшкөнү, 2 суткадан кийин алган жаракатынан каза болгону айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram