SerepTV Logo

Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы. Жаңы жагдайлар

Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы. Жаңы жагдайлар
Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирген. 30-октябрь күнү Биринчи Май РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын жолдошу БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен 2007-жылы туулган кызын уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты катталып, тийиштүү издөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, 1972-жылы туулган шектүү башка автоунаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бишкек ШИИБ кечээ, 18-ноябрда маалымат таратып, бул факты дароо Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан жеке көзөмөлгө алынганын билдиришти. Ошону менен бирге, жашы жете элек 2007-жылы туулган Д.П. аттуу өгөй кызын шектүү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталып денеси Чүй облусунун аймагынан табылган. Бул факты Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иштери козголуп, сот тарабынан Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекстүү жүргүзүлүүдө. Бишкек ШИИБ тийиштүү укуктук баа берүүгө жана сөзсүз болуучу жазаны принцибин камсыз кылууга багытталган бардык чараларды көрөт.
edita