SerepTV Logo

Бишкекте өгөй атасы тарабынан 2 кыз сабалган. Шектүү камакка алынды

Бишкекте өгөй атасы тарабынан 2 кыз сабалган. Шектүү камакка алынды
“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына өгөй ата эки кызын сабаганын жазып чыкты. "Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур", - деп жазып, сүрөт менен бөлүштү. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бишкек ШИИБге кайрылды. "Учурда 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, кийин негизги материалдар боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлөт", - дешти. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып же күбө болуп калсаңыздар, Бишкек ШИИБ төмөнкү телефондорго чалууну суранышты: 0 (701) 700-251 (WhatsApp), 0 (312) 43-71-75 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру аркылуу. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="212838,212839,212840"]