Бишкекте наркы 23 миллион сомдон ашуун жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Баасы 23 млн. сомдон ашуун болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Алсак, 2005-жылы Бишкек мэриясынын Ленин райадминистрациясынын кызмат адамдары тарабынан жогоруда белгиленген жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Жер тилкелер Арча-Бешик жаңы конушунда бала бакча курууга каралгандыктан, жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жеке турак үй курууга мүмкүн эмес эле. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн сот органдарына тийиштүү доо арыздар келтирилип, соттук кароолордун жыйынтыгы менен алар толук көлөмдө канааттандырылган», - деп айтылат маалыматта.
2021-жылдын 24-мартында Ленин райондук прокуратурасынын талабынын негизинде жогорудагы 4 жер тилке мэриянын балансына алынды.