Бишкекте мыйзамсыз жүргөн чет өлкөнүн 42 жараны аныкталды
Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан - 7) аныкталды.
Тартип бузгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүп берилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="251227,251228,251229,251230"]