SerepTV Logo

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды
Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 16-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган 37 чет өлкөлүк жаран ИИМдин имаратына жеткирилип, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлдү. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүмү (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу) менен административдик протоколдор толтурулду. Мамлекеттер боюнча карасак, Пакистандын жарандары - 14, Бангладештики - 23.