SerepTV Logo

Бишкекте мушташкан жарандардын видеосу тарады

Бишкекте мушташкан жарандардын видеосу тарады

Социалдык тармактарда мушташып жаткан жарандардын видеосу тарады. Бул боюнча милиция маалымат берди.

20-октябрда саат 00:50 чамасында Бишкектеги соода борборлордун биринин жанында мушташ чыккан. Жаңжалдын катышуучулары милицияга жеткирилди. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда жаңжалдын эки активдүү катышуучусу - 2007 жана 2006-жылы туулган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Калган катышуучуларга карата мыйзамдын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)

edita