Бишкекте милициядан качып кеткен шектүү кармалды
Бишкек ШИИБдин жанынан качып кеткен шектүү - 1989-жылы туулган Замирбек уулу Амалбек саат 08:30 чамасында кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ал кармалып, бөлүмгө шеткирилген.
Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, жаран 23-майда саат 19:30 чамасында бирөөнүн жерин өз алдынча ээлеп алуу, айыл чарба багытындагы жерге өз алдынча курулуш курууга шектелип кармалганын, бирок 24-майга караган түнү качып кеткенин билдиришкен.