SerepTV Logo

Бишкекте милиция кызматкерин токмоктоп, формасын айрып салышкан. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте милиция кызматкерин токмоктоп, формасын айрып салышкан. Шектүүлөр кармалды
Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан Кайгуул кызматкери сабалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 27-апрелде болгон. Жарандар мас абалында коомдук тартипти бузуп, уят сөздөрдү айтышкан. Эскертүүлөргө карабай, алар каршылык көрсөтүп, милициянын сержантын бетке уруп, милиция кызматкеринин формасын айрып салышкан. Шектүү катары 2004 жана 2005-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган.
edita