SerepTV Logo

Бишкекте мектеп окуучулары онлайн оюндан кийин мушташышты (видео)

Бишкекте мектеп окуучулары онлайн оюндан кийин мушташышты (видео)
Социалдык тармактарда өспүрүмдөр мушташкан видео тараган. Милиция маалымат берип, мушташка Бишкектин Ленин районунда жайгашкан 3 мектептин 6-7-классынын окуучулары катышканын билдирди. Милиция бөлүмүнө 11 адам жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, окуя 13-сентябрда Ак-Орго жаңы конушунда болгондугу аныкталды. «Free Fire» оюнунан кийин чыккан уруш мушташка айланган. Жабыркагандар жок. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар өспүрүмдөр иши боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)

edita