Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды
УКМК тарабынан борбор калаада сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында, 11-майда массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган Кыргыз жараны Д.А.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.
УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="241055,241059,241051,241052,241053,241054,241056,241057,241058"]