SerepTV Logo

Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти сүздү. Ал ошол жерден жан берди

Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти сүздү. Ал ошол жерден жан берди
18-октябрда Бишкекте 20 жаштагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, саат 01:55 чамасында 2001-жылы туулган айдоочу мас абалында Мазда-Демио унаа менен Горький көчөсү менен батыш тарапка бара жатып, Айдаралиев көчөсүнүн кесилишинен жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерине карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 1994-жылы туулган кызматкерин сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1994-жылы туулган жигит ошол жерде көз жумган. "Азыркы учурда унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Бишкек ШИИБдин жол кырсыктары боюнча Тергөө кызматына жеткирилип, тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.