SerepTV Logo

Бишкекте маршруткадагы жарандын чөнтөгүнөн акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте маршруткадагы жарандын чөнтөгүнөн акча уурдаган шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын «102» кызматынын кызматкерлери тарабынан чөнтөкчү кармалды. 12-март күнү саат 22:30 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан Датка - Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде №240 кичи автобустун ичинен, куртканын чөнтөгүнөн жашыруун түрдө 6 миң 500 сом акчасын жана ак түстөгү сумканы уурдап белгисиз тарапка качып кетишкен. Кылмыш изи сууй электе Бишкек шаарынын тургундары 2003-жылы төрөлгөн М. у. А. жана 2004-жылы төрөлгөн И.А.Б кармалып Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлгөн.