SerepTV Logo

Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген

Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген
Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-август күнү милицияга жаран 2 чала таанышына чара көрүү арызы менен кайрылган. 2022-жылдын май айында Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен "мамлекеттик кызматка ишке орноштуруп берем" деген шылтоо менен 5 миң доллар акча каражатын алган. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1955-жылы жана 1974-жылы туулган жарандар аныкталып, кармалды.