SerepTV Logo

Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды

Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды
Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга кыздын апасы кайрылган. Ал 2008-жылы туулган кызын өз атасы зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.
edita