SerepTV Logo

Бишкекте кызды сөгүп, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте кызды сөгүп, телефонун тартып алган шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 12-январда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын 12-январь күнү Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунда жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн алдында, адепсиз сөздөрдү айтып, 50 миң сомдук iPhone 13 pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча 206-берене (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.