SerepTV Logo

Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан шектүү кармалды

Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан шектүү кармалды
Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүчү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 25-февралда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкелери тарабынан «Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.