SerepTV Logo

Бишкекте кыздар эркек кишини ур-токмокко алып жаткандагы видео тарады

Бишкекте кыздар эркек кишини ур-токмокко алып жаткандагы видео тарады
Социалдык тармактын колдонуучусу Афтандил Жоробеков кыздар баланы ур-токмокко алып жаткан видео менен бөлүштү. Андагы маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-апрелде Бишкектеги Чүй проспектиси менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. "Жигиттер түнү жалгыз жүрбөгүлө. Топ-топ болуп бири-бирибизди карап жүрөлү. Бул эмне деген зомбулук? Баланы өлтүрүп койду го кыздар",- деп жазды ал. Бул боюнча азырынча милиция маалымат бере элек.