SerepTV Logo

Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылган шектүү үй камагына чыкты

Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылган шектүү үй камагына чыкты
Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылган шектүү үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. "13-июлда Бишкек шаардык сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралды. Соттук коллегия иштин жагдайларын, айыпталуучунун инсандыгын эске алуу менен айыпталуучуга карата колдонулган баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү",- дешти.  Милицияга 27 жаштагы кыз кайрылып, аны зордуктоого аракет кылган шектүүгө карата чара көрүүнү суранган. Шектүү катары 22-июнда кармалып, 22-июлга чейин камакта калтырылган.