Бишкекте кыз көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду
9-сентябрда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кыз кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Жерине барган милиция кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган кыздын кулаганы тастыкталган. Ал каза болгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.