SerepTV Logo

Бишкекте кыз киши кошунасы тарабынан зордукталганын билдирди

Бишкекте кыз киши кошунасы тарабынан зордукталганын билдирди
Бишкекте зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга аял киши кайрылып, кошунасы 1-январда саат 05:00-06:00 чамасында аны зордуктап салганын айткан. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен 2 айга камалды. Тергөө уланууда.
edita