SerepTV Logo

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте кыз ала качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан  билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 8-мартта болжол менен саат 19:50 чамасында “102” кызматына "Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан Датка көчөсүнөн кыз ала качып кетишти" деген маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "адамды никеге туруу максатында уурдоо" негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. "Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1996-жылы туулган С.А. аттуу кызды анын чала таанышы эркине каршы үйлөнүү максатында ала качып кеткендиги белгилүү болгон. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Unknown Author