SerepTV Logo

Бишкекте Кытай жаранын сабап, анын буюмдарын карактоого шектелип 28 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте Кытай жаранын сабап, анын буюмдарын карактоого шектелип 28 жаштагы жигит кармалды
Чет өлкөлүк жарандын үйүнө кирип, аны сабап, ири өлчөмүндөгү акча каражатын, уюлдук телефонун карактап кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2020-жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБге 1977-жылы туулган Кытай Эл Республикасынын жараны арыз менен кайрылып, кылмыш жасоого тиешеси бар белгисиз жарандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2020-жылдын 11-октябрь күнү Бишкекте азиат түспөлүндөгү үч адам Кытай жараны убактылуу жашаган үйгө кирип келишкен. Турак жайга кирип, ал жакта жашагандарды сабап, физикалык күч колдонушуп, ири өлчөмдөгү акча каражатын жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин ээлеп алышкан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 202-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжасында, милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. "Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери Ысык-Ата районунан 1993-жылы туулган Чүй облусунун тургунунун кармашты. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.
edita