SerepTV Logo

Бишкекте күйөөсү тарабынан уурдалган аял бети кесилген абалда табылды

Бишкекте күйөөсү тарабынан уурдалган аял бети кесилген абалда табылды
Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 12-май күнү саат 23:30 чамасында «102» кызматына ошол эле күнү болжол менен саат 15:40 чамасында аялды жумуш ордунан күйөөсү кызганычтан улам күч менен алып кеткендиги жана жабырлануучунун кайда экени белгисиз экендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Ленин РИИБдин кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүүнү кармады. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция тараткан видеодон аялдын бети, чачы кескиленгенин көрүүгө болот.
edita