SerepTV Logo

Бишкекте күч колдонуп телефон тартып алган шектүү камакка алынды

Бишкекте күч колдонуп телефон тартып алган шектүү камакка алынды
Милиция кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 19-январда жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 22:00 чамасында Пушкин көчөсүнөн күч колдонуп Samsung A10 маркасындагы уюлдук телефонун тартып алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү деп 2004-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.