SerepTV Logo

Бишкекте көзөмөл камералары ууруларды кармоого жардам берди (видео)

Бишкекте көзөмөл камералары ууруларды кармоого жардам берди (видео)

Бишкек шаарында батир уурулукка шектелген жарандар кармалышты. Рухий-Мурас конушундагы уурулуктун бети видеокөзөмөл камерасынын аркасында ачылган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

Окуя 15-ноябрга караган түнү Рухий-Мурас конушунда болгон. Уурулар үйдөгү видеокамераны жулуп, андан кийин планын ишке ашырган. Факты боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр колго түшкөн. Алардын 1995, 1997, 1987-жылы туулган жарандар экени аныкталган. Алар мурда да оор кылмыш менен сот жоопкерчилигине тартылган. Шектүүлөрдү текшерүү учурунда 7 патрон (5,56 калибр, АКСУ), зер буюмдар жана видеокамера табылган. Унаасынан баңгизат салынган баштык да чыкты.

Тергөө учурунда башка дагы турак үйлөрдү тоногонун айтышкан. Тергөө, текшерүү иштери уланып жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)